super.kg logo

Жол кырсыгынан жаракат алган Самара Каримова менен жолдошу ооруканадан чыкты

 

Жол кырсыгына кабылган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров ооруканадан чыгып, ден соолугун калыбына келтирүүдө. Баштапкы абалга келүү үчүн көп кыймыл керек экен деген ырчы менен байланыштык.

"Жолдошум экөөбүз Ош шаардык ооруканасында дарыланып, дүйшөмбү күнү чыктык. Кудайга шүгүр, абалыбыз жакшы. Дарыгерлер көбүрөөк кыймыл керек дешти, көп кыймыл жасаганга аракет кылып жатабыз", - деди ырчы.

Учурда ырчы той-топуларга барып, мурдагы иштерин улантууда.

Окуянын чоо-жайы:

26-июлда ырчы Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров жол кырсыгына кабылганы белгилүү болгон. Эртеси бул жол кырсыгына кабылгандардын арасында Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жана дагы 2 жүргүнчү болгону, алар Оштон Бишкек шаарына келе жатканы маалым болду.

Ал эми Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бейтаптардын абалы тууралуу маалымат беришип, анда 3 жабырлануучу ооруканада жатканын, абалдары туруктуу дешкен.

Кийинчерээк Самара Каримова автокырсык боюнча социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
11.08.2021. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тажататта ушулар дейин десең, буларсыз жашоо да кызыксыз)).
11.08.2021. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
KG-312, ушак андыган байкуштардан белемсин.....
11.08.2021. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аман-эсен болгула! Мындан ары жакшылыктар гана болсун!
11.08.2021. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эми тигил же бул ресторанга мынча адам келди,тулоо откорду деген чон жанылыкты куто бергиле.
11.08.2021. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааа
11.08.2021. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кандай койнок кийип,кандай машинага чыгып кетишти, ошону унутуп калыпсынар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: