"400дөй уй багылып жаткан". Жалал-Абадда мал сарайдан чыккан өрттүн видеосу
Бүгүн, 11-августта Жалал-Абад шаарында мал сарайдан өрт чыккан. Анын кесепетинен миңден ашык малга ылайыкталып жыйналган чөп күйүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундар билдирди.
"Сарайдын үстүндө чөп жыйылган экен. Чөп өрттөнүп, уйлардын үстүнө түшкөндө качып чыгышкан окшойт. Сарайда болжол менен 400дөй уй багылып жатыптыр. ӨКМнын кызматкерлери, жергиликтүү тургундар убагында келип малды сарайдан чыгарып калууга жетишкен. Жабыркаган адамдар жок", - деп билдиришти айыл тургундары.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, өрт Көк-Арт кичи районунда жайгашкан турак үйдүн сарайынан чыккан.
Жалал-Абадда мал сарайдан чыккан өрттүн видеосу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Мал өлбөптүрбү ыя?