Фейсбук артта калды. Дүйнөдө эң көп көчүрүлгөн тиркеме аталды
2020-жылы ТикТок дүйнөдө эң көп көчүрүлгөн тиркеме аталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган тиркеме колдонуучулардын көчүрүп алышы боюнча Фейсбукту ашып өткөн.
Эң көп көчүрүлгөн тиркемелердин ТОП-10дугу:
- TikTok
- Facebook Messenger
- Snapchat
- Telegram
- Likee
TikTok тиркемеси 2015-жылы Кытайда ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө бул тиркеме социалдык тармактын колдонуучулары арасында популярдуу.
Акыркы эсептөөлөр боюнча, дүйнө жүзүндө TikTok колдонуучуларынын саны 700 миллиондон ашат. Аны 150гө жакын мамлекеттин адамдары колдонушат.
Белгилей кетсек, буга чейин 2020-жылдын 6-августунда Дональд Трамп эки социалдык тармакка тыюу салган жарлыгын чыгарган. Ошондой эле 2021-жылдын 5-январында Кытайдын интернет тиркемелерине чектөө киргизген жарлык кабыл алган болчу.
Бирок жаңы шайланган президент Жо Байден Дональд Трамптын TikTok тиркемеси менен WeChat мессенжерине тыюу салган жарлыгын жокко чыгарган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Bekmurat9293

12.08.2021. 07:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Facebook кытайда иштебесе.Кытайда интернет колдонуучу көп болсо элинин санын айпайт койсода болот.Тик токтон кийинги почти баардык тиркемелер америкага караштууго.Кытай андроидке көз каранды болбостуктун айла амалын издеп уже иштеп чыкса керек.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.