super.kg logo

"Биз кайрадан биргебиз". Лионель Месси Парижде маалымат жыйын берди

 

"Барселонанын" мурдагы чабуулчусу Лионель Месси франциялык "ПСЖ" клубуна өткөндүгү тууралуу Париж шаарында күйөрмандарына маалымат жыйын берди. Атактуу футболчу жыйында суроолорго жооп берип жатып "ПСЖ" клубуна өткөндөгү сезимдери менен бөлүштү.

"Мен абдан бактылуумун. "Барселонадан" кантип кеткенимди баары билишет. Бирок "ПСЖ" клубуна өткөндөн кийин дагы өзүмдү бактылуу сезип турам.

Жаңы клубдагы машыгууларды чыдамсыздык менен күтүүдөмүн. Анткени жаңы командалаштарым менен таанышууну жана карьерамдын жаңы баскычын эртерээк баштоону каалап турам. Клубдун жетекчилигине ыраазычылыгымды билдирем. Мени ушундай салтанат менен тосуп алганыңар үчүн рахмат.

Мен мурдагыдай эле жеңишке болгон каалоомду сезип турам. Себеби "ПСЖ" кандай курамга ээ экенин жакшы билем. Биз бардык титулдар үчүн күрөшүүгө даярбыз. Мен ошол үчүн келишимге кол койгом.

Биздин курамды карасаңар, жеңишке жетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө көп экендигин көрөсүңөр. Биз баарыбыз бир нерсени каалайбыз жана биргеликте максаттарыбызды ишке ашыра алабыз деп үмүттөнөм.

Мен, Неймар, Паредес, Ди Мария баарыбыз кайрадан биргебиз. Албетте, бул эң чоң роль ойнойт", - деп билдирген аргентиналык футбол жылдызы.

Белгилей кетсек, Лионель Месси франциялык "ПСЖ" клубу менен 2 жылга келишим түзгөн. Бирок бул мөөнөт дагы бир жылга узарышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: