Кыргыз бийчиси Жан Воинов бий боюнча дүйнө чемпиондугунда калыс болот
Кыргыз бийчиси Жан Воинов бий боюнча "Fusion Concept Festival" аттуу дүйнө чемпиондугунда калыс болот. Бул тууралуу бийчи социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, заманбап бий боюнча Дүйнө чемпиондугу 26-28-август күндөрү Париж шаарында өтөт жана КМШнын тарыхында Кыргыз өлкөсүнүн бийчиси калыс болот. Жан Воинов менен чогуу калыстык милдетти дүйнөдөгү эң мыкты хореографтар жана бийчилер аркалашат.
25 жашка бүгүн, 11-августта толгон Жан Воинов профессионал бийчи, заманбап бий боюнча бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.