super.kg logo

"Даңазалуу доор" сериалында роль жараткан актриса Сабина Тозия каза болду

 

Белгилүү "Даңазалуу доор" аттуу түрк сериалындагы Афифе Хатундун ролун жараткан актриса Сабина Тозия каза болду. Бул тууралуу актрисанын тасма талаасындагы кесиптеши, аталган сериалда Хюрремдин образын жараткан актриса Мерьем Узерли социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Сабина Тозия узакка созулган оорудан улам кечээ, 10-августта 75 жаш курагында каза болгон. Актриса көп жылдар бою онкологиялык дарт менен жабыркап келгендиги жана ага дарыгерлер баш мээдеги залалдуу шишик дарты деген диагноз коюшканы айтылат маалыматта.

Сабина Тозиянын кесиптештери социалдык тармактагы баракчалары аркылуу актрисанын үй-бүлөсүнө көңүл айтуу билдирүүлөрүн калтырышууда. Ал эми актриса Мерьем Узерли өз баракчасына: "Биз "Даңазалуу доор", "Эненин жарасы", "Мафия дүйнөнү башкара албайт" деген 3 чоң проектте чогуу иштедик. Кечээ сиз бизди таштап кеттиңиз... Жүрөгүм жараланды. Мен сизди аябай жакшы көрөм. Кымбаттуу Сабина, жаныңыз жаннаттан болсун", - жазып калтырган.

Актриса Сабина Тозия акыркы убакта "Мафия дүйнөнү башкара албайт" аттуу сериалга тартылып жаткан. Бирок бир канча ай мурун ден соолугунун начарлашынан улам проектти таштап кетүүгө аргасыз болгон. Актрисага мээсиндеги шишикти алуу боюнча операция жасалгандыгы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
11.08.2021. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мафия дүйнөнү башкара албайт, деген кинодо Илясдын апасы болгон беле?
11.08.2021. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошол кинодо соонун аткарганда бирок))!
11.08.2021. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жайы жаннаттан болсун,сонун образдарды жараткан эле
11.08.2021. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыйманы Салават болсун
12.08.2021. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мафия не может править миром деген кинодо сонун роль ойногонда. Чакырбейлилердин апасы болуп, байкуш ооручу экенда. Жайы жаннаттан болсун.
12.08.2021. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыйын актриса болчу,жайы жаннаттан болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: