super.kg logo

Калькулятор менен башка чапкан окуя боюнча блогер Илья Варламов: "Бизге Орто Азиядан адамдар келсе аэропорттон эле экинчи сорттогу адамдай көрүшөт"

 

Белгилүү орусиялык блогер Илья Варламов Бишкектеги соода борборунда Кыргыз жараны орус тилдүү кызга кол салган окуя боюнча өзүнүн телеграм каналына билдирүү жасады.

Билдирүүсүндө Варламов улутчул эместигин жана орустардын бардык жерде өздөрүн эркин сезишин каалай тургандыгын билдирген.

“Мен улутчулдарды жактырбайм. Мен дагы кыргыздардын, өзбектердин жана казактардын Орусияда эркин жүрүшүн каалайт элем. Анткени Орто Азиядан Орусияга келгендерди аэропорттогу паспорттук көзөмөлдө эле экинчи сорттогу адамдай көрүшөт. Орус чек арачылары үнүн бийик чыгарып, орой мамиле кылышат”, - деп жазды Варламов.

Окуянын чоо-жайы:

Бишкекте балдар паркында сатуучу кызды калькулятор менен башка чаап жиберген видео тараган. Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, окуя 2-август күнү Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда болгон. Арыз жазган кыздын айтымында, ал күнү бейтааныш эркек киши мас болуп алып, аны менен урушуп, сөгүнгөн. Чатакташып жатканда калькулятор менен башка чаап салган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-беренеси "майда бейбаштык" менен катталган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында чыр салган киши 29 жаштагы А.А. аттуу жаран экени аныкталып, Октябрь РИИБине алып келинген. Көп өтпөй бул окуя боюнча Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко үн каткан.
Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кыргыз тилин билбеген кызды чаап жиберген А.А.га расмий эскертүү берген болчу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(7)
11.08.2021. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тиги чапкан киши башыбызга балээ болдуго, ар кимиси ар жактан чыгып
11.08.2021. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Paprikafm, чапкан киши эмес, бапры биздин бийликтин лохтугунан болуп жатат. Кыргызстанда 2 кыргыз жараны уруша кетсе Оруссия мурдун тыгып, бирин жазалап отурат. Кайсы укукка таянып?!
11.08.2021. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Paprikafm, башына балее дагы дахуя болот намаз окубай динде журбосон кор болуп олосун о Бактулулук динде экенин Эми билдинби кафур Бут барас
12.08.2021. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Leonardo_,Ой намаз окугуч,алгач оозунан чыккан созду ондоп анан акыл айт башкаларга.Сага окшогон эл козуно динди жабынгандар самындын кобугундой кобуруп анан эле балп этмей болдунарго.
11.08.2021. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чапкан киши молодец!
11.08.2021. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Россия Кыргызстан чооон тирешуу бар туугандар. Россия шылтоо эле издеп жатат. Жирике да коктон издеген пиары жерден табылды перед выбором.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: