super.kg logo
  Саясат  

Ош. Шаардагы “Айдар-Ата” кафеси сүрдүрүлөт

 
Ижарага алынган кафенин көрүнүшү
Сүрдүрүүгө келген жумушчулар
Кафе ээсине муниципалдык менчик башкармалыгы жерди кайтарып берүүгө 10 күн мөөнөт берди

Бүгүн, 31-октябрда Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери шаардагы “Айдар-Ата” кафесин сүрдүрүүдө. “Жерди кайра кайтарып алуу үчүн аларга 10 күндүк мөөнөт бергенбиз. Бүгүн сүрдүрүүгө мажбурбуз, аталган кафенин ээси биздин ишкананы сотко бергендиги тууралуу кагазын көргөзүп жатат, шейшемби күнгө чейин жыйынтыкты күтөбүз. Эгер биздин тараптын кадамы туура болсо, анда кафени сүрдүрүп таштап, жерди кайтарып алабыз”,- дейт бул тууралуу аталган ишкананын башчысы Алимбай Кадыров. Эске сала кетсек, Сулайман тоонун аймагынан М.Айдарова аттуу жаранга жер тилкеси 5 жылга ижарага берилген. Жер ээси аймакка кафе курган, бирок жердин ижара мөөнөтү бүткөн. Учурда Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы өз эрки менен жерди кайтарып берүү тууралуу 10 күн мөөнөт беришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: