super.kg logo

Жалал-Абадда мал багылган сарайдагы өрт түндө өчүрүлдү

 

11-августта Жалал-Абад шаарында мал сарайдан өрт чыккан. Өрттү өчүрүү 12-августка караган түнү толук өчүрүлгөнүн ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы тунуке менен жабылган эки кабаттуу сарайдын 2 миң 320 чарчы метр аянты, 2000 түк чөп жана 6000 түк саман күйдү. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 12:19да өрт чектөөгө алынып, саат 00:08де толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар болгон жок.
Учурда материалдык чыгым жана өрттүн себеби такталууда", - дешти мекемеден.
Буга чейин жергиликтүү тургундардын бири сарайда болжол менен 400дөй уй багылып жатканын, сарайдын үстүндө жыйылган чөп бар экенин порталыбызга кабарлаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: