Рамзан Кадыровдун балдары cпецназдын базасында ок атууну үйрөнүүдө
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Гудермес шаарындагы Орусиянын атайын даярдыктагы университетинде балдары ок атуу боюнча тереңдетилген машыгуудан өткөнүн көрсөттү. Муну Кадыров социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Анда Кадыров балдарынын ийгилигин көрүү ал үчүн дайыма жагымдуу экенин жазган.
"Алардын динди, окууну, спортту жана башка тармактарды үйрөнүүдөгү ар бир жетишкендиктери сүйүктүү атабыз Ахмат-Хаджи Кадыров үчүн сыймыктанууга чоң себеп болмок экенин түшүнөм. ⠀
Аларды жакшы үй-бүлөлүк эркектер, чын ыкластуу мусулмандар, татыктуу патриоттор жана өз үй-бүлөсүнүн жана Ата мекендин коргоочулары катары тарбиялоону башкы максатым деп эсептейм. Булар биздин кымбаттуу атабыз Ахмат-Хаджи Кадыров тарабынан бизге мураска калтырылган үлгүлөр. Жигиттер бул үлгүлөрдү ийгиликтүү ишке ашырып жатканына чын дилимден кубанычтамын", - деп жазган Кадыров.
Рамзан Кадыровдун балдары спецназдын базасында атууну үйрөнүүдө



Кадыровдор - булар чыккынчылар, чыккынчы бул эч кандай патриот болуп эсептелбейт...
Чечнянын, Ичкериянын чыныгы патриот уулу, жанын эли, Мекени учун арнаган инсан - Джохар Дудаев!
Кадыров болсо билимсиз, "колхоз", мактанчаак, эки жуздуу саткын, айтор чыныгы жигиттик сапаттардан алыс бири. Путиндин марионеткасы...
Укмуш билет турбайсыңбы кокууй
Айланайын Кыргыз кичине дүйнө көз карашыңы жогорулатчы
Antiradikal сен чыныгы радикал экенсиң
Эркек болсоң өзүңүн атың менен жаз
Бул Рамзандын салымы эмес. Рамзан озу чыккынчы, бандит. Чечендер да бандит. Ар кимди тоноп жан багып журушот. Дудаев бийликте болгондо чечендер онолмок он жагына...