super.kg logo
  Спорт  

Токио Олимпиадасына барган спортчулардын калган бөлүгү мекенге кайтып келишти

 

Бүгүн, 12-августта Токио Олимпиадасына барган улуттук кураманын акыркы мүчөлөрү Кыргыз өлкөсүнө кайтып келишти. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчуларды "Манас" аба майданынан Кыргыз өлкөсүнүн күрөш федерациясынын өкүлдөрү, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин кызматкерлери, спортчулардын туугандары жана достору тосуп алышты.

Токиодон кайткан спортчуларыбыздын арасында эркин күрөш боюнча балбандар Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев, жеңил атлетчи Дарья Маслова бар. Ошондой эле улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Русланбек Маджинов, улук машыктыруучу Сүймөнкул Таабалды уулу, башкы дарыгер Бактыгүл Алишева, укалоочу (массажист) Константин Еремич, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Шабданбаев, Олимпиадалык спорт түрлөрү дирекциясынын башчысы Нурлан Исмаилов да кайтып келди.

Белгилей кетсек, Токио Олимпиадасы 23-июлда башталып 8-август күнү жыйынтыкталган. Ага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу барган. Улуттук кураманын биринчи бөлүгү 7-августта кайтып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.08.2021. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Константин Еремич менен Бактыгул Алишева буттан туруп кетишти)))
12.08.2021. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Келбей эле ошол жактан жумуш таап иштеп калып кетсеңер болмок, Крга деле керегиңер жок экен!
12.08.2021. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айаал Лазарев аяабай эле слабый экен Якутялык болсо келишимди бузуп уйуно жибергилечи лучше кыргыз балдардан эле карап сборныйга алса пайдасы кобуроок болот беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: