Ала-Букада “Билим кербени” райадминистрация, билим берүү башкармалыгынын, саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү менен жолугушат
Бүгүн, 31-октябрда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Билим кербени» Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда уланууда. Тагыраак айтканда, “Кенже курактагы балдардын өнүгүшү жана коомчулук аркылуу окуу көндүмдөрдү калыптандыруу” презентациясынын 1-2-бөлүгү райондун борборунда болуп өттү. Ала-Букага болгон сапардын алкагында фонддун өкүлдөрү райадминистрация, билим берүү башкармалыгынын, саламактыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү менен жолугушат. Ал эми буга чейин фонддун өкүлдөрү кечээ, 30-октябрь күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында жолугушууларды өткөрүштү. Эртең, 1-ноябрь күнү Жалал-Абад шаарында өткөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

