super.kg logo

Францияда 1 сааттын ичинде Лионель Мессинин футболдук формасынан 250 миң даана сатылды

 

Францияда "ПСЖ" футболдук клубу командага жаңы гана кошулган атактуу футболчу Лионель Мессинин маалымат жыйынынан соң, Мессинин аты-жөнү жана клубда алган 30-номери жазылган "ПСЖнын" футболдук формаларын күйөрмандарга сатыкка чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.

Аргентиналык футбол жылдызынын жаңы клубдагы формасы 1 даанасына 188 доллардан (16 миң сом) бүгүн таңда сатыкка чыккан. Жергиликтүү маалымат булактары 1 сааттын ичинде эле Мессинин 250 миң даана футболкасы сатылып кеткенин жазып чыгышты.

Париж шаарындагы дүкөндөрдүн биринде футбол күйөрмандары Лионель Мессинин формасын алуу үчүн таң эрте узун кезекке турушкан. Алар үчүн футболдук форманын баасы 194 долларга көтөрүлсө да кезек күтүү уланганы кабарланды.

"Мен жөн гана бул форманы алышым керек. Бул "ПСЖ" клубуна көп акча алып келет, ал эми күйөрмандарга кубаныч тартуулайт. Бардыгы бактылуу болушат", - деп билдирген күйөрмандардын бири.

Белгилей кетсек, Лионель Месси 5-августта "Барселона" клубунан кетип, Франциялык "Парис-Сен-Жермен" клубуна кошулган. Футболчу жаңы клуб менен 2 жылга келишим түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: