Таалайбек Сарыбашов: "Парламентке барсам деген оюм бар, кеч боло электе мэриядан кетүү чечимин кабыл алдым" (видео)
Кызматтан кетүү арызын жазган Таалайбек Сарыбашов парламенттик шайлоого катыша турганын журналисттерге билдирди.
"Бул менин жеке чечимим болду. Президент Садыр Жапаров менен дагы макулдаштык. Бишкек шаары менен тааныштык. Өзүмдүн чечимим боюнча Жогорку Кеңешке барып, депутат болуп мамлекетке кызмат кылып, мыйзам жазсак деген ойдо кызматты кайра берип жатам. Себеби 26-августта шайлоо болот. Бул чечимди шайлоодон кийин кабыл албайын дедим", - деп билдирди Сарыбашов.
Сарыбашов кызматка келгенине 10 күн болгондо кызматтан кетүү арызын жазды. Анын ордуна Айбек Жунушалиев мэр болуп келди.
кошулду
Сарыбашов парламенттик шайлоого аттана турганын айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Может авам депутаттыка озунун кишиси кылып жиберип атса керек.......