super.kg logo

Олимпиадада алтын медаль уткан кытайлык эң жаш спортчу кыздын үй-бүлөсү сан жеткис байлыктан баш тартты

 

Токиодо өткөн жайкы Олимпиадада 10 метр бийиктиктен секирүү боюнча алтын медалдын ээси, кытайлык спортчу Цюань Хунчандын үй-бүлөсү 41 миллион доллардан (3 миллиард сомдон ашык) баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жаш спортчу "Токио-2020" Олимпиадасында жеңишке жеткенден кийин анын максаты төрт жыл мурун кырсыкка кабылган апасына жардам берүү үчүн акча табуу экендигин айткан. Спортчунун бул сөзү өлкөдө резонанс жараткан. Анын үй-бүлөсүнө мындай суммадагы акчадан тышкары оюн-зоок парктарына өмүр бою бекер кирүү, апасына клиникада акысыз медициналык жардам көрсөтүү, турак-жай жана бир катар белектер сунушталган. Анткени менен Цюань Хунчандын атасы Вэньмао сунушталган бардык жардамдардан баш тарта турганын айткан. Ал провинцияда апельсин өстүрүп, дыйканчылык менен алектенет.

"Бизге көңүл буруп, жардам сунуштагандардын баарына рахмат. Бирок мен бир тыйын да ала албайм", - деген Вэньмо.

Хунчань Олимпиаданын эң жаш спортчусу болгондуктан жана өзүнүн интервьюсунда үй-бүлөсүндөгү абалды ачык айткандан кийин анын күйөрмандары кескин көбөйүп кеткен. Ал тургай ал жашаган аймакка келип, атасы өстүргөн мөмөнү сувенир катары алып кете башташкан. Спортчу кыздын атасы кызына күйөрмандардын келүүсүн токтотууну суранган.

“Айылга келүүнүн кажети жок. Бул бизди тынчсыздандырат, адамдардын көп санда агылып келүүсү COVID-19 вирусунун жайылышын шартташы мүмкүн", - дейт атасы.

Кийинки Олимпиада оюндары 2024-жылы Франциянын Париж шаарында өтөт. Оюнга Цюань Хунчань катышуу ниети бар экендигин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.08.2021. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Атасы тормоз экенго.
12.08.2021. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KG-312,намыстуу адамдар экен .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: