super.kg logo

Леонардо Ди Каприо үйүн 5 миллион 750 миң долларга сатыкка койду

 

АКШнын Mansion Global кыймылсыз мүлк порталы 11-августта Голливуд жылдызы Леонардо Ди Каприо Тюдор стилиндеги үйүн 5 миллион 750 миң долларга баалап, сатыкка койгонун жазды.

Турак-жай Лос Анжелестин Лос-Фелиз-Окс районунда жайгашкан. Актёр үйдү үч жыл мурун сатып алган. Анын аянты 427 чарчы метрди түзөт. Имарат 1926-жылы курулган. Бул үйдө азыркы заманбап стилиндеги 5 уктоочу бөлмө, конок үйү, ашкана, үй кинотеатры жана йога үчүн машыгуу зонасы бар. Мындан сырткары бассейн, SPA-бөлмө жана жумшак эмеректери менен эс алуучу жай бар. Үйдүн айланасы бийик дарактар менен курчалган. Буга чейин Ди Каприо үч жыл мурун Лос-Анжелес аймагындагы үйүн 150 миң долларга саткан.

Белгилей кетсек, Ди Каприо 1991-жылдан бери экран алдында. 6 жолку "Оскар" сыйлыгынын ээси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.08.2021. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ди Каприо менен кантип байланышсак болот, телефон номери болсо жазып койгулачы?
12.08.2021. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bond02,Аида Касымалиевадан сурасан берет тел.номерин, С. Жапаровтон сурабай эле кой анда жок Леонун тел.номери )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: