super.kg logo

Ооганстан өкмөтү кагылышты токтотуу үчүн "Талибан" кыймылына бийликти тең бөлүшүүнү сунуштады

 

Кабул бийлиги бир канча айдан бери өлкөдө токтобой келе жаткан куралдуу кагылыштарды жана зордук-зомбулуктарды токтотуу үчүн радикалдуу "Талибан" кыймылынын өкүлдөрүнө өлкөдөгү бийликти тең бөлүшүүнү жана мамлекеттик маселелерди бирге чечүүнү сунуштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ооган өкмөтү талибдер менен тез арада тынчтык жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл деп эсептейт. Анткени Ооганстанда абал күндөн-күнгө начарлап баратат. Учурда аталган өлкөдө өкмөттүк күчтөр менен "Талибандын" согушкерлеринин арасында Гильменд провинциясында жайгашкан Лашкаргах шаары үчүн айыгышкан салгылаш жүрүүдө. Ал эми аталган шаардагы полициянын штабы эчак эле согушкерлердин колуна өтүп кеткен.

Бир канча күн мурда эле талибдер Ооганстандын провинциялардын борборлорунун бири Газни шаарын басып алганы кабарланган. Бул согушкерлер басып алган онунчу борбор шаар. Газни шаары Ооганстандын борборунан 130 чакырым гана алыстыкта жайгашкан. Бул окуядан кийин Кабулдун да талибдердин колуна өтөрүнө аз гана күн калды деген кабарлар тараган.

Ал эми 1-августта Кундуз шаарынын аба майданы талибдердин карамагына өткөн. Ошондой эле аталган шаарды коргоо үчүн салгылашып жаткан ондогон жоокер согушкерлер тарапка өтүп кеткен. Мындан тышкары Файзабад шаары эч кандай каршылыксыз басып алынган.

Айрым маалыматтарга караганда, Ооганстандын аймагынын 65 пайызы согушкерлердин карамагында калды. Эми талибдер дагы 11 провинциянын борбор шаарларын жана башкы борбор Кабулду басып алууга аракет кылышууда.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
12.08.2021. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акыры жеңилип бериптирда акшга ооган бийлиги!
12.08.2021. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Утулуп баратканда жасап аткан кербези
12.08.2021. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талибандардан жакшылык жок. Эгер бийлике келишсе аялдар үчүн оор жашоо башталат. Талибандын диний армиясы аялдарга динди шылтоо кылып кысымга, басымга алаары турган иш. Эмнеси болсо да биз Афганистанды кейпин кийбейлик. Болбосо Талибтер ачык эле айтып жатышат, бийлике келишсе чу дегенде аялдарды кысымга алышаарын.
ayzhan12 түзөттү 2021-08-12 20:25:26
12.08.2021. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи Талибандарды тарсылдатыш керек болчу. Афганистандын коп олколор менен мамилеси жок окшойт, болбосо унчукпай отуруп алышпай 1-2 мамлекет чурулдап чыкмак, талибандарга сокку уруп.
12.08.2021. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талибанды кандай тушунсо болот тушундуруп бергилечи
12.08.2021. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kalmurzaev8900, Талибан "окуучу". Мезгилинде ооган качкындарынан куралып, азыркы бийликке каршы даярдалып, түзүлгөн кыймыл. 1994-жылдарга такалат тарыхы. Анткени, 15 жылга созулган Ооган согушунда орус тарап кийлигишип, ооган оппозициясын өлкөдөн кууп чыгып, азыркы бийлик келген. Ошондо оппозия өлкөдөн куулуп, Пакистандан башпаанек тапкан, ал жерде бийликке каршы кол топтоп азыркы күндө кубаттуу кошуун болуп, бийликти алууну көздөп атышат.
12.08.2021. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kalmurzaev8900, буга чейин деле көп жолу ооган бийлиги менен тирешип турган, бирок АКШ базасын киргизгенден кийин алсыздык кылышкан. Ооганда бийлик талаш. Талибдердин негизги максаты, ооганстанда бийликти алып, ислам мамлекетин түзүү. Ооганстан эмес, Ооган же Ислам Эмирлигин түзүү. Чыныгы исламдын диндин мыйзамы менен жашаган, башка масхабдардан айырмалуу шарият менен жашоо. Талибан "окуучулар" деп ошондой тарбия алган адамдар экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: