Футбол: Лионель Месси "ПСЖ" клубунда машыгуусун баштады (видео)
Атактуу аргентиналык футболчу Лионель Месси "ПСЖ" футболдук клубунда машыгуусун баштады. Анын машыгуудагы видеосу париждик клубдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Буга чейин белгилүү болгондой, 34 жаштагы аргентиналык футболчу Франция чемпиондугунун 2-турдук оюнундагы "Страсбург" менен 14-августта Парижде боло турган оюнга катышууну машыктыруучулар штабынан суранган.
6-августта "Барселона" клубу Месси клубдан кетерин расмий жарыялаган. 10-августта Лионель Месси париждик "ПСЖ" клубу менен келишим түзгөн.
Лионель Месси "ПСЖ" клубунда машыгуусун баштады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:56
2025-06-15
12:21
2025-06-15
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.