super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков суракта. "Күнөөсү аныкталса ээлеген кызматына, сиңирген эмгегине карабай юридикалык баа берилет" дейт УКМК

 

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков "Кумтөр" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары суракка чакыртылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

"УКМК мурда маалымдагандай, Кумтөр долбоору боюнча, Ведомстволор аралык тергөө тобу 2017-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча стратегиялык келишимдин түзүлүшүнө байланышкан окуялардын активдүү этабын баштады.

Комиссиянын жагдайын толук, ар тараптуу жана объективдүү иликтөө максатында, айрым жогорку кызмат адамдарынын кылмыштуу иш аракеттерин иликтөө менен белгиленген, зарыл болгон тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Буга байланыштуу, кылмыш ишине тиешелүү окуялар боюнча, 2017 -жылы өлкөнүн премьер-министри болуп иштеген, экс-президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн күбө катары суракка чакырылды.

УКМК Жээнбеков менен тергөө аракеттерин улантарын белгилейт. Тергөөнүн жыйынтыгында, күнөөсү тергөө тарабынан аныкталган кылмыш иши боюнча бардык айыпталуучулардын аракеттерине, ээлеген кызматына, сиңирген эмгегине карабастан, объективдүү юридикалык баа берилмекчи", - деп жазылат маалыматта.

Бүгүн, 12-августта SUPER.KG порталына өздүк булактар Сооронбай Жээнбековдун УКМКда сурак берип жаткандыгын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
12.08.2021. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сооронбайдын эртеби кечпи бараар жери түмөдө. Так ушул Сокенин убагында өлкө артка кетти. Кландык бийлик орнотуп коюп, олко учун эч бир озгоруу болгон жок. Кыскасы факты деп журо берип элибиз Сокенин айынан бир тыйын жакшылык коргон жок. Кыргызстанды оор абал алып келгени учун экс президент наамын алыш керек.
ayzhan12 түзөттү 2021-08-12 20:27:26
12.08.2021. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
ayzhan12,Карындашым,сен коментарий жазбай,көбүрөөк китеп окучу.
12.08.2021. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камалсын
12.08.2021. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ачууга алдырбагыла. Сабыр кылып кутуп туралы. Куноосу болсо жооп берет. Баардык нерсени туура коз караш менен карап, калыс болушубуз керек.
12.08.2021. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Күмтөрдөн жегендердин кустуруп акчанын баарына заманбап үлгүдөгү курал жарак менен военныйларды камсыз кылуу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: