Кыргызстандык Дастан Лепшаков Орусияда өтүп жаткан бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугунда чейрек финалга өттү
Кыргызстандык Дастан Лепшаков Орусиянын Рязань шаарында өспүрүмдөр арасында өтүп жаткан бильярддын “эркин пирамида” түрү боюнча Дүйнө чемпиондугунда чейрек финалга өттү. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирди. Бүгүн, 31-октябрь күнү Дастан Лепшаков 3 беттеш өткөрүп экөөндө жеңишке жетти. Азырынча Дастан Лепшаковдун эртең өтүүчү чейрек финалдагы атаандашы белгилүү боло элек. Айта кетсек, буга чейин мелдешке катышкан кыргызстандык Канат Жолдошбеков, Улукман Карагулов, Бектур Арзыматов, Рысбек Асанбеков жана Ызатбек Раатбеков биринчи эки беттештеринде жеңилип, мелдештен четтеген болчу. Мелдеш 2-ноябрга чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
kama_future_millioner

31.10.2013. 22:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын ылайым биринчиликти ал
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.