super.kg logo

Кышында газсыз калбаш үчүн эмне кылуу керек? Августтан баштап карызы барлар өчүрүлө баштайт

 
Газсыз калбаш үчүн үй ээлери жаратылыш газына болгон карызын толук төлөшү керек. «Газпром Кыргызстан» компаниясы карызы бар абоненттерге эскертүү каттарын тапшырды. Эгерде негизги карызды төлөбөгөн учурда батирлерде жаратылыш газын берүү токтотулса, жер үйлөр көчө аркылуу өткөн газ өткөргүчтөрдөн өчүрүлөт.

Акция: карыздардан кутулуңуз жана туумду төлөбөө мүмкүнчүлүгүн алыңыз. Абоненттерге негизги карызды төлөө жөнөкөй болушу үчүн «Газпром Кыргызстан» компаниясы 2021-жылдын август айынан баштап 31-октябрына чейин атайын акция жарыялады. Эгерде карызды толугу менен төлөгөн учурда компания төлөнбөй келген карыз убагындагы туумду жокко чыгарат – аны төлөбөй койсо болот.
Газ өткөргүчтөрдү өчүрүүгө жол бербөө эки эсе пайдалуу болуп саналат: эгерде ал өчүрүлгөн учурда, аны кайрадан кошуу чыгымы орточо эсеп менен 3 миң сомду түзөт жана негизги карызды төлөгөндөн кийин гана уруксат берилет.

Карыз жана туум бар экенин кантип билсе болот:
1) Газдын эсеп-дүмүрчөгүн кароо;
2) «Газпром Кыргызстан» компаниясынын Колл-борборуна чалуу — 4444. Мобилдик чалуу — акысыз;
Карызды жабуу үчүн аны толугу менен төлөө зарыл. Аны төмөнкү ыкмалар аркылуу төлөсө болот:

— «Газпром Кыргызстан» компаниясынын Калкты тейлөө борборлорунан;
GAZPROM.KG мобилдик тиркемеси аркылуу;
— MegaCom компаниясынын Калкты тейлөө борборлорунан;
— Рау24, Quickpay, «Оной», UMAI, «О! Терминал» терминалдары аркылуу;
— «Элсом 2.0», MegaPay, Balance, «О! Деньги» мобилдик капчыктары аркылуу;
— коммерциялык банктардын кассаларынан;
— «Кыргыз почтасынын» бөлүмдөрүнөн.

«Газпром Кыргызстан» бардык абоненттерди 2021-жылдын 31-октябрына чейин акцияга активдүү катышууга, негизги карызды төлөөгө жана туумдан кутулууга чакырат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: