super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл биосфералык аймагындагы экопостту жоюудан бюджетке 11 миллион сом түшпөй калды

 
Ысык-Көл биосфералык аймагына кире беришиндеги экологиялык постту жоюудан бюджетке 11 миллион сом түшпөй калды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Эркингүл Иманкожоева билдирди. “Ысык-Көлдөгү экологиялык пост өкмөттүн токтому менен алынып ташталган. Андан соң эч кандай иш-чара иштелип чыккан жок. Бул ишти вице-премьер Тайырбек Сарпашев аткарышы керек эле. Чет мамлекеттерде атайы корголгон жаратылыш парктарынын, жадакалса аэропорттун кире беришинде да тийиштүү каражат алынат. Ал эми бизде өзгөчө биосфералык макамы бар аймагыбызга кирүүдө эч кандай каражат төлөнбөгөндүгү максатка туура келбейт”,- деди депутат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: