Жалал-Абадда жеңил унаа оодарылып кетип 1 киши каза болуп, экөө ооруканага түштү
Жалал-Абад облусунун Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.12-август күнү Чаткал районунун Ак-Таш айылынын Кызыл-Алма тилкесиндеги Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 8-9 чакырымында Фольксваген-Гольф-3 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 1976-жылы туулган бир жүргүнчүсү ошол жерде каза болгон. Айдоочусу жана эки жүргүнчүсү ар кандай жаракат алып Чаткал райондук ооруканасына жеткирилген.
Кырсык болгон жерге Чаткал райондук куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















