"Челси" клубу 115 миллион еврого футболчу Ромелу Лукакуну сатып алды



"Челси" клубу Ромелу Лукакуну "Интерден" 115 миллион еврого сатып алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.
Маалыматка ылайык, 28 жаштагы бельгиялык футболчунун "Челси" менен келишими 2026-жылга чейин түзүлгөн. Трансфер суммасы 115 миллион еврону түзөрү, ал эми футболчунун өзү жылына 12 миллион евро жана бонустарды ала турганы маалым болду.
Лукаку "Интерде" эки сезон өткөрүп, "А" сериясынын 72 оюнунда 47 гол киргизген. Бул жазда ал "Интер" клубу менен Италия чемпиондугун утуп алды.
Форвард буга чейин "Челсиде" ойногон. Ал 2011 -жылдан 2014-жылга чейин клубга таандык болгон, бирок эки сезонду "Вест Бромвич" менен "Эвертон" клубдарында ижарада болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.