Кызды калькулятор менен башка чапкан жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Бишкекте балдар паркында орус тилинде жооп бергени үчүн сатуучу кызды калькулятор менен башка чаап жиберген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 12-август күнү 29 жаштагы А.Алимбаев аттуу жаран Октябрь РИИБинин тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жакынкы 48 саат аралыгында Октябрь райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралат.
Окуянын чоо-жайы:
Окуя 2-август күнү Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда болгон. Арыз жазган кыздын айтымында, ал күнү бейтааныш эркек киши мас болуп алып, аны менен урушуп, сөгүнгөн. Чатакташып жатканда калькулятор менен башка чаап салган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-беренеси "ээнбаштык" менен катталган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында чыр салган киши 29 жаштагы А.А. аттуу жаран экени аныкталып, Октябрь РИИБине алып келинген. Көп өтпөй бул окуя боюнча Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко үн каткан. Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кыргыз тилин билбеген кызды чаап жиберген А.Алимбаевге расмий эскертүү берген болчу.
Көп өтпөй бул окуяга Орусиянын мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин реакция кылып, Кыргыз өлкөсүнүн Жокорку Кеңешинин төрагасына бул окуяны жеке көзөмөлгө алуу тууралуу кайрылуу жолдоорун билдирген.
10-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуп, аталган оюн-зоок борборунда орун алган Кыргыз Республикасынын жараны менен аталган мекеменин кызматкери, орус улутундагы Кыргыз Республикасынын жаранынын ортосунда болгон окуяны талкуулашкан.
Ал арада Орусиянын ички иштер министрлиги орус тилдүү кыргыз кызына кол салган Кыргыз жаранына он жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салганы маалым болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Оруссиянын дудкасына бийлеген акмактар.....
Биздин бийлик эмне кыла алат?
1) Кыргызстандагы Россиянын элчисин олкодон айдоо керек. Ордун билиши керек эле... Россиянын Кыргызстандын ички ишине аралашуусу мыйзамсыз экенин тушундуруу керек. Оруссиянын бийлигине!
2) ) орус тилин расмий тил статусунан ажыратуу керек! Олкодо коомдук жайларда кыргыз тилинде кызмат корсотулуусу керек. Мамлекеттик кызматтарга мамлекеттик тилди билбегендер кызматка алынбашы керек. Олкодо иш кагаздары мамлекеттик тилде журушу керек.....
А бул жагынан алып карасак, бул жигит тиги кызды койгулап салгыдай эч кандай акы жок. Жалан акы жоктор элди ойго салып акылы жоктук кылып жатышат.