super.kg logo

Орусияда ичи толо жүргүнчүсү бар автобус жарылып кетти (видео)

 

Орусиянын Воронеж аймагындагы соода борборлорунун биринин жанында токтоп турган автобус жарылып кетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жарыялады.

Маалыматка ылайык, 35 жүргүнчүнү ташып бара жаткан автобустун ичинде бир дагы бош орундук болгон эмес. Жарылуу учуру каршы тарапта турган унаанын видеокамерасына түшүп калган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, жарылуудан 16 жүргүнчү оор жаракат алып, 1 аял жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан. Анын бир буту жулунуп кеткени айтылган. Ошондой эле 3 адам жандандыруу бөлүмүндө, бирөө операцияда жатканы маалымдалды.

Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар кызматы жарылууга газ жабдуулары себеп болгонун билдирди. Ал эми жүргүнчүлөрдү ташыган компаниянын жетекчилиги бардык автобустары дизель менен иштерин айтышууда.

Ал эми Тергөө комитети коопсуздук талаптарына жооп бербеген унаалар менен кызмат көрсөткөндүгү үчүн аталган компанияга кылмыш ишин козгогон.






Орусияда автобус жарылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.08.2021. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бизге да Озбекстандан газ менен иштеген автобустар келет деп аткан ошону албай эле койбойсунарбы, озу газ менен иштеген машина да коркунучтууго.
13.08.2021. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Shaa-82,негизи тирүү калуу мүмкүн эмес барыбыз кетебиз мындай нерселерден сабак алып өлүмгө даяар туруш керек намазды окуп динде болуш керек өлүм айттырбай келет газы жок эле жөн эле жүрүп деле өлүп каласың
13.08.2021. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Shaa-82,мен да газ менен жүргөн машиналардан корком. Кээбир газ менен жүргөн машинеге түшсөң салону газ сасыйт. Даже машинага бензин куюп жатканда да корком, колунда сигарети бар бирөө келбесин, кокустук болбосун дейсин да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: