super.kg logo

АКШда 51 жыл түрмөдө отурган адамдын жалган көрсөтмө менен камалганы аныкталды

 

Америка Кошмо Штаттарында жалган жана так эмес көрсөтмөлөрдүн негизинде өмүр бою эркиндигинен ажыратылган адам 51 жылдан кийин бошотулду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Артур Жонсон 1970-жылы адам өлтүрүүгө айыпталган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Жонсондун шериги Гари Браим адегенде кол салган адамга ок аткан, андан кийин ага Жонсон бычак сайган. Бул көрсөтмөнү Жонсон четке кагып, адам өлүмүнө тиешеси жок экенин айткан. Брайм да анын күнөөсүз экенин тастыктаган көрсөтмө берген. Бирок күбө катары 15 жашар бала да суракка алынып, ал 30 сааттык суракта Жонсонго каршы көрсөтмөлөрдү берген. Мындан кийин сот аны өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарып, полициянын басымынын алдында ал бардык кагаздарга кол койгон.

Соттук териштирүү учурунда Браймдын жашы жете электиги эске алынып, 15 жылга чейин эркинен ажыратылган. Ал эми Жонсон ал учурда 18 жашта болгондуктан өмүр бою эркинен ажыратылган.

1979-жылы Жонсондун түрмөдөн качып кетүү аракети ишке ашпай калгандан кийин жалгыз камерага которулган.

“Жонсон эч качан күнөөсүн моюнуна алган эмес. Анын кол тамгасын алуу үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери 21 саат кыйнашкан”, - деген абакта чогуу отурган адам.

2017-жылы The Abolitionist Law Center деп аталган укук коргоо уюму Жонсондун кылмыш иши боюнча иликтеп баштаган. Төрт жылдан кийин Филадельфия округунун соту ал жалган көрсөтмөлөр менен камалып кеткени анык деген чечим чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.08.2021. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайран омур (((
13.08.2021. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ай ай кайран гана жаштык. 51жыл отурса 69га чыгыптыр да.
13.08.2021. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баягы каршы корсотмо берген 15 жаштагы бала чоноюп калгандар, эми ошону омур бою камап коюш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: