super.kg logo

Японияда суу ташкыны коркунучунан улам 3 миллиондон ашык адам эвакуацияланды

 

Японияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жер көчкү жана суу ташкыны пайда болушу күтүлүп жаткан аймактардан жалпы 3 миллиондон ашык адам коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бир канча күндөн бери нөшөрлөп жаап жаткан жамгырдын кесепетинен өлкөнүн Фукуока, Нагасаки, Сага, Оита, Кумамото жана Кагосима сыяктуу аймактарында жер көчкү жүрүү коркунучу жаралууда. Мындан улам өлкө бийлиги жарандарды болушунча сак болууга чакырды.

"Калк үчүн кооптуулук деңгээли өтө жогору. Нөшөрлөгөн жаан акыркы 10 жылда болуп көрбөгөндөй эбегейсиз чоң зыян алып келиши күтүлүүдө", - деп билдирүү тараткан өлкө бийлиги.

Белгилей кетсек, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү учурда суу ташкындарынан улам катуу жабыркоодо. Түркияда 1 күндө 27 адам селдин курмандыгы болгону кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: