super.kg logo

Кыргызстанда жашап - бүткүл дүйнө менен иштөө

 

Кыргызстандагы Сорос Фонду жана Программалык камсыздоолорду жана кызматтарды өндүрүүчүлөрдүн Кыргыз Ассоциациясы аймактык кесиптик окуу жайлардын базасында IT-лицейлерди 2020-жылы ачышкан.

2021-жылдын бүтүрүүчүлөрү үчүн Токмок, Талас, Каракол, Нарын, Кызыл-Кыя шаарларындагы кесиптик лицейлердин негизинде IT тармагын кабыл алышат. ​Python, Javascript ​программалоо тилдери боюнча программисттерди даярдап, ​1 жана 2 жылдын ичинде "программист" кесиби боюнча баштапкы кесиптик билим жөнүндө диплом жана 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө мектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүк ыйгарылат.

2021-2022-окуу жылына карата Кызыл-Кыя шаарындагы №70 лицей бюджеттик орундарды ачкан, аймакты өнүктүрүү үчүн жана жаштар жогорку маяналуу жумуштарга ээ болуу менен бирге, рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болушат.

Лицейдин мугалимдери 2019-жылы IT Академиясында биздин тренерлер менен бирге окуп, квалификациясын жогорулатышкан. Учурда тренерлер IT-лицейлердеги топторду жана багыттарды көбөйтүү максаты менен башка программалоо тилдерин окутуп жаткан кези.

Долбоор ошондой эле лицейлердин инфраструктурасына салым кошкон. 2020-жылдын жайында ар бир региондо 2 классты оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Класстар жабдылган жана тиешелүү формага коюлган: парталар жана стулдар сатып алынган жана ар бир класс үчүн проекторлор менен такталар берилген.

2020-2021-окуу жылына 59 окуучу кирген, анын ичинен 2021-жылы 11-класстын базасына кирген окуучулар быйыл 16-сы окууну бүтүрүшкөн. Бүтүрүүчүлөр практикасын өз шаарларынын IT мекемелерине муктаж болгон ар кандай мекемелерде башташкан.

IT кесиби ар дайым эң керектүү кесиптердин бири болуп келген, бирок COVID-19 пандемиясынан кийин программисттерге суроо-талаптар өсүүдө. Себеби:

- Программист кесиби дүйнөдө каалаган компанияга үйдөн иштөөгө мүмкүнчүлүк берет, демек, сиз өз аймагыңыздан чыкпай эл аралык мекемелер менен иштешсеңиз болот.

- Азыркы учурда Кыргызстанда программисттердин айлык маянасы 300$ өйдө келет. Ири компанияларда IT адистеринин маянасы 5000$ тегерегинде болот.

- Окуу менен стажировканы чогуу алып кетүү жана 10 айдан кийин иштеп баштаса болот.

- Студенттерге жатакана берилет.

Кыргызстанда жашап - бүткүл дүйнө менен иштөө

https://it-licey.kg/

IG: @it_licey_kg

FB: IT лицеи в Кыргызстане


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: