super.kg logo

"Тынч асман жакында көрүнбөйт сыягы". Блогер Варламов Ооганстанга саякат жасап, андагы сүрөттөрдү бөлүштү

 

Орусиялык белгилүү блогер Илья Варламов учурда болуп көрбөгөндөй куралдуу кагылыштар жүрүп жаткан Ооганстан өлкөсүнө саякат жасап, ал жактагы абалды чагылдырган сүрөттөрдү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

Сүрөттөрдөн үй-жайсыз, чатырларда күн кечирип жаткан адамдарды, көчөлөргө топтолгон карапайым тургундарды, болгон оокатын машинага жүктөп алып кетип бара жаткан көчөдөгү жүк ташуучу унааларды жана куралчан жүргөн жашоочуларды көрүүгө болот.

Ошондой эле Варламов Ооганстандагы абалды бир канча ирет баяндап жазып калтырган.

"Ооганстанда "негизгиси үстүңдө тынч асман бар" деген сөз ушунчалык маанисиз угулат. Учурда бул өлкөдө тургундар үчүн жалгыз гана Кабул шаары коопсуз жай болуп турат. Бул жерге качкындар келишет. Бирок Кабулдан ары баруу эч мүмкүн эмес. Анткени өлкөнүн түштүгүндө жана чыгышында талибдердин негизги демөөрчүсү болгон Пакистан жайгашкан. Ал эми батыштагы Иран да жакшы эмес. Түндүгүндө чек арасын ача койбошу анык болгон Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан турат. Албетте, ал жактагы чек ара аймактары да талибдердин көзөмөлүндө.

Ооганстандагы качкындардын эч кимге кереги жок. Баарына өзүнүн көйгөйү гана жетиштүү. Бул жактагы миллиондогон адамдын тагдыры эмне болору белгисиз. Ооганстанда тынч асман жакында көрүнбөйт сыягы", - деп жазып калтырган орусиялык блогер.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Ошондой эле "талибдерге көптөгөн шаарлар эч каршылык көрсөтпөстөн багынып берип жатышат. Алар жөн гана басып кирип желекти алмаштырып коюшууда. Ал эми жергиликтүү элге бийликтин башында ким турары маанисиз", - деп кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Ооганстанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү ортосундагы куралдуу кармаш бир канча айдан бери токтобой келет.

Акыркы маалыматтарга ылайык, согушкерлер өкмөттүк күчтөргө бир топ үстөмдүк кылып, өлкөдөгү 10 чоң шаарды басып алган. Ошондой эле бийлик талибдерге каршылык көрсөтө албай, Ооган өлкөсүнүн борбору Кабул шаары да согушкерлердин колуна өтүп кетүү коркунучу бар деген маалыматтар да айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
13.08.2021. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кошмааар, ушундай жашоо кандай болсун. Аллахка шүгүр кыргыз экенибизге
13.08.2021. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кудайым тез арада авган элине тынчтык орнотсун. Байкуштар мен кичинемен бери угам согуш болуп жатканын.
13.08.2021. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өзү талибдерди 1-согушта эле бүтүндөй жок кылып салыш керек болчу. Талибандын мындай мыкаачылыгынан, булар негизи афган эмес окшойт. Кудай сактасын тынчтык орносун. Эгер талибан бийликти алса байкуш элге, көбүнчө аялдар, кыздарга кыйын болот. Чектен ашкан мыйзам. Улуу элим кыргыз болуп кыргызстанда жашап жатканыбызга шүгүр кылалы. Ооганстандын күнү эч качан башка өлкөгө түшпөсүн.
14.08.2021. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талибтер да бирөөлөргө керек окшойт ,же жасап кое беришкенби.
14.08.2021. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бу кудряшка блогердин да жаны тынбайт экен да ..(Кайсы жерди казсан ошол жерден чыгат да.)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: