Бишкекте окуучуну сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө
Бишкекте 29-октябрда саат 07:50 чамасында белгисиз айдоочу Камская көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй баратып 1-класстын окуучусун сүзүп, изин жашырып кеткен. Окуя И.Арабаев атындагы университеттин маңдайында катталган. Жол кырсыгына кабылган окуучу кыз сол бутунан жаракат алып, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Аталган факты Бишкек ШИИБинин кылмыштарды каттоо китепчесине киргизилип, айдоочуну издөө иштери жүрүп жатат.
Автор: Базарбек Абдураимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.