super.kg logo

Лимонтинин өлүмү. Айыпталуучу Талгат Шамиев СИЗО-1де өмүрүнө коркунуч жаралып жатканын айтты

 

Бүгүн, 13-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Лимонти каймана аты менен белгилүү болгон Алмазбек Сулаймановдун өлүмү боюнча соттук отурум уланды.

Жактоочу Жаныбек Моңолбаевдин SUPER.KG порталына билдиргени боюнча "Талгат Шамиевге СИЗО-1ден ар кандай коркутуулар болуп жатат. Алар Алмазбек Сулаймановдун тарапташтары. Мындан улам Шамиевдин өмүрүнө коркунучтар жаралууда. Ошондуктан аны УКМКнын СИЗОсуна которууну сурандым. Бирок судья Мирлан Термечиков биздин өтүнүчтү канааттандырган жок", - деди Моңолбаев.

Эске салсак, 2020-жылдын 28-март күнү Нарында кримавторитет Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишкен. Анын өлүмүнө шектүү катары 25 жаштагы Талгат Шамшиев аттуу жаран кармалган. Ал андан соң Нарын ОИИБинин имаратына киши өлтүрүп алдым деп өзү келген.

SUPER.KG порталына өздүк булактар айыпталуучу атасынын өчүн алганын билдиришкен. Айыпталуучу Имаш Шамиев аттуу Нарын облусунун тургунунун уулу болгон. Шамиев 1997-жылы Алмаз Сулайманов тарабынан каза болгону маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
13.08.2021. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жалгыз Аллахтан коркуш керек бир лох пенденин несинен коркосуң намаз окуп өлүмгө даяар бол аркан таза болсо бейишке кирүү женилирек болот тобо кылып намаз окугула кайдагы жин шайтан кафурдун сөзүн айта бербей Алланы сөз кылгыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: