"Мен Кабулда кой парады өтөрүнө ишенем". Илья Варламовду Ооганстандагы ар кандай түскө боёлгон койлор таң калтырды







Орусиялык белгилүү блогер Илья Варламов учурда болуп көрбөгөндөй куралдуу кагылыштар жүрүп жаткан Ооганстан өлкөсүнө саякат жасап, ал жактагы абалды чагылдырган сүрөттөрдү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
Анда ал Ооганстандагы учурдагы абал, жергиликтүүлөрдүн жашоо-шарты тууралуу бир нече ирет баяндап жазып калтырган.
Ошону менен катар эле ал жергиликтүүлөрдүн өзгөчө түстө боёлгон койлоруна таң калганын жашырган эмес.
"Ооганстанда эң стилдүү жана эң кооз кой-козулар бар. Жаман нерсе ойлобоңуз, ар бир кожоюн эн белгинин ордуна ар кандай түскө боёшот. Мен Кабулда кой парады өтөрүнө ишенем", - деп жазып калтырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
5

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.