super.kg logo

"Кыргыз өлкөсү мени аябай колдогонуна нес болдум". Жөө күлүк Дарья Маслова жалпы журтка кайрылды

 

Жөө күлүк Дарья Маслова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарындагы марафондо 36-орунду ээлеген. Ал 42 чакырым 195 метрди 2 саат 35 мүнөт 35 секундада чуркап өттү.

Маслова жалпы кыргыз элине колдоо үчүн ыраазычылык билдирип кайрылуу жасады.

"Негизинен Олимпиада ийгиликтүү өттү. Жакшы жыйынтык эмес, бирок машыктыруучум экөөбүз жыйынтыкка ыраазыбыз. Бирок мындан да жакшы жыйынтыкка жетебиз деп ойлогонбуз. Анткени менин даярдыгым жакшы болчу. 30 километрге чейин лидерлердин катарында жакшы чуркап бара жаткам. Андан кийин күн катуу ысып, буттарыма, бүтүндөй организмиме кыйынчылык жаралды.

Япон калкы абдан меймандос, достукка бекем, чынчыл калк. Токиодо мен телефонумду жоготуп алгам, аны үч күндөн кийин япондор таап мага алып келип беришти. Ал эми кийинки Олимпиада оюндарына катышамбы азырынча айта албайм. Кыргыз өлкөсү мени аябай колдогонуна нес болдум. Колдоо сөздөрү менен аябагандай көп билдирүүлөр келип жатты. Бардыгыңыздарга терең ыраазычылык. Ден соолукта болгула жана сөзсүз спорт менен машыккыла", - деп билдирген Маслова.






Жөө күлүк Дарья Маслова кыргыз элине ыраазычылык билдирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 15 
Комментарийлер(3)
13.08.2021. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байкуш буну эч ким деле колдободу эле
14.08.2021. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asmat84,тетирисинен эле айтты окшойт))
13.08.2021. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздин пайдасы жок топ катындардын арасынан жалгыз озун чуркоо боюнча кетип атсан баардыгы сенден умут кылып колдойт да. )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: