super.kg logo

Жалал-Абадда эки күндүк рейд учурунда мас абалында унаа башкарган 18 айдоочу аныкталды

 

Жалал-Абад облусунда өткөн эки күндүк рейд учурунда мас абалында унаа башкарган 18 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү тарабынан облустун аймагында оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында рейддик иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чарада жалпы 442 ар кандай жол эрежелерин бузган фактылар аныкталды. Анын ичинен мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн 18 айдоочунун, унааларынын алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн 7 айдоочунун, ал эми буга чейин социалдык тармактарга чыгып кеткен тасмалары аркылуу үлпөт тойлорун коштоп жүрүүдө жол эрежелерин одоно бузган 11 айдоочунун унаалары кармалып, атайын айып короого коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: