super.kg logo

"Укмуш". Кожоюнуна унаа түртүшүп жардам берген ит көпчүлүктү таң калтырды

 

Интернет айдыңында кожоюнуна унаа түртүшүп жардамдашкан ит көпчүлүк колдонуучулардын көңүлүн буруп, алкоого алынды. Андагы видео соцтармактарга жарыяланган.

Маалыматка ылайык, окуя Шотландиядагы Глазго шаарында болгон. Анда нөшөрлөгөн жамгыр көчөлөрдү сууга толтуруп, унаалардын жүрүүсүнө тоскоолдук жараткан. Бул учурда аталган шаардын тургуну Лори Жиллис Пак аттуу ити менен сейилдеп жүргөн. Жиллис көчөдө кетип баратып, жолдун так ортосунда суудан улам жүрө албай калган унааны көрүп калат. Ал унаадагы эки айымга жардам берүү үчүн жүгүргөндө анын ити дагы сүзүп жөнөйт. Кожоюну унааны түртүүгө аракет кылып жатканын көргөн ит суудан башын араң чыгарып сүзүп жүргөнүнө карабай ээсине унааны түртүшүп, жээкке чейин чыгарууга жардамдашкан.

Учурда Пак интернет колдонуучуларынын мактоосуна арзып, видео ылдамдык менен бөлүшүлүүдө.

Ал эми Пактын кожоюну Жиллис Фейсбук баракчасына "Пак дүйнөдөгү эң мыкты ит" деп жазып калтырган.






Кожоюнуна унаа түртүп жардам берген иттин видеосу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.08.2021. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ит адамдын досу деп бекеринен айтылбаса керек
14.08.2021. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ит жакшы өзү, бизде эле мусулманчылыкта болбойт. Аңчылыкка, үй кайтарууга болот, калган учурда болбойт дешет. Мышыкка карвганда ит жагат да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: