Лионель Месси "Барселона" клубу менен коштошуп жаткандагы көз жашын сүрткөн бет аарчы аукционго коюлду
Аргентиналык чабуулчу Лионель Месси көз жашын сүрткөн бет аарчы аукционго сатыкка коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул бет аарчыны Месси "Барселона" клубунан кеткендигине байланыштуу өткөргөн жыйында көзүнө жаш алганда колдонгон. "Алтын топтун" 6 жолку ээси болгон футболчунун көз жашы тамган бет аарчынын аукциондогу баасы 1 миллион доллар деп бааланып жаткандыгы айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Лионель Месси 5-августта "Барселона" клубунан кетип, франциялык "Парис-Сен-Жермен" клубуна кошулган. Футболчу жаңы клуб менен 2 жылга келишим түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:35
2025-06-30
Рейтинг:
0

Макул сен болсон ошолордун ордуна сен деле ушинтмексин!! Калп эле акылдуу болбогулачы, сураныч!!