super.kg logo

"Арыктап, мамиле куруу максаты ишке ашпай калган". Англиянын жараны 5 адамды атып өлтүргөн соң өз жанын кыйды

 

Англиянын Плимут шаарында жергиликтүү тургун 5 адамды атып өлтүргөн соң өз жанын кыйды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Ага ылайык, 23 жаштагы Жейк Дейвисон окуя болгон күнү алгач бир үйдүн эшигин сындырып кирип, андагы эне-баланы атып өлтүргөн. Андан соң сейил бакта жүргөн түгөйлөргө ок чыгарган. Анын огунан 5 киши каза болгон, арасында 5 жаштагы кыз да бар. Андан сырткары бир канча адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми ок чыгарган Жейк Дейвисон өз жанын кыйган. Алдын ала маалымат боюнча, анын курал алып жүрүүгө уруксат кагазы бар болгон.

Окуя болгонго чейин ал 11 мүнөттүк видео тартып, Youtube каналына жүктөгөн. Анда ал жашоодо көп кыйынчылыктар менен күрөшүп келгенин айтып, арыктап, кыздар менен мамиле куруу аракети эч жыйынтык бербегенине нааразы экендигин билдирген. Ошондой эле ал өзүн Терминатор жана киши өлтүргүч машина деп атаган.

Маалыматта бул иш тергелип жаткандыгы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
13.08.2021. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Дүйнө таанымы жок адамдар ушинтип жашоосунда калптанбай калышат. Бир ойду фанат туткан адам дайыма кысылып жашайт. Кысылып жашаган адам өзүнүн башындагы кыйынчылыкты башкалардан көрө берет. А бирок маселенин баары өзүнүн мээсинде экенин түшүнбөйт. Ошондуктан маданий иштерге кобүрөөк алаксып, ырдап, бийлеп, күлүп, шоу каналдарды көп көрүп жашаш керек. Болбосо коом кысылып, депрессияга түшүп кетет.
13.08.2021. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
ayzhan12,чачын жазып журуу тууралуу жазууну унутуп калгансынго))))
14.08.2021. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
meni_kut, Чачын койо берип дейт))!
14.08.2021. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эмнени тергейт эми кылмышкер өлүп жок болсо!
14.08.2021. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым баарыбызга ыйман берсин бактылуулук бир гана динде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: