super.kg logo
  Спорт  

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов мушкер Рафаэль Физиевди кабыл алды

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жакында эле жеңиш менен Бишкекке кайтып келген UFC мушкери Рафаэль Физиевди кабыл алды. Бул тууралуу төрага өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Жолугушууда Талант Мамытов кыргыз мушкерин жеңиши менен куттуктап, ага Жогорку Кеңештин энчилүү кол саатын жана башка белектерди тапшырган.

"Бүгүн мекендешибиз, кыргыз мушкери Рафаэль Физиевди кабыл алып, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан кезектеги жеңиши менен куттуктадым. Рафаэль Физиевдин жеңиши Кыргыз өлкөсү үчүн чоң сыймык. Ушундай мекенибизди спорт менен даңазалаган эр-азаматтарыбыз көп болуп, мекенибиздин желеги ар дайым бийиктиктерде желбиресин", - деп жазып калтырган төрага Талант Мамытов.

Эске салсак, Рафаэль Физиев 8-августта UFC 265 турниринин алкагында америкалык мушкер Бобби Грин менен беттешип, аталган уюмдагы катары менен төртүнчү жеңишин камсыздаган. Ошондой эле ал беттешинен соң UFC уюмундагы Дастин Порье, Конор Макгрегор өңдүү атактуу мушкерлер орун алган эң мыкты 15 мушкердин катарына кирген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: