"Тургундар талибдерге тамак даярдап турууга мажбур". Ооган жигити аймактардагы жашоо тууралуу айтып берди

Ооганстандагы "Талибан" кыймылы басып алган провинциялардын биринин жашоочусу Тахар Абдулхалек Тахари аттуу жигит талибдердин бийлиги астында күн кечирип жаткан карапайым элдин абалы тууралуу айтып берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жарыялады.
Анын айтымында, карапайым тургундар талибдер койгон талаптарды аткарууга мажбур болуп күн кечирүүдө.
"Талибдер шарият мыйзамдары боюнча карапайым калкка салык салышат. Жашоочулар милдеттүү түрдө түшүмдүн ондон бир бөлүгүн жана зекет (жылдык салык) берүүгө мажбур болушууда.
Ошондой эле тургундар жекече жана топ-топ болуп талибдерге тамак даярдоого да милдеттендирилген", - деп билдирген ооган жигити.
Мындан тышкары талибдер жашоочулардын жеке иштерине да кийлигишип жатышканын белгилеген. Айтымында согушкерлер ар бир адамдын уюлдук телефонун текшерип, талаптарга ылайык келбеген нерсе табылып калса жазалоого чейин барышууда.
Муну менен катар жаштарга сакалын алууга, ал эми аялдарга жалгыз көчөгө чыгууга катуу тыюу салышкан.
Тахари мурда Ооган армиясында кызмат өтөгөн. Эгер бул нерсени талибдер билип калышса аны жазага тарта турганы анык. Ошондуктан тезирээк туулуп-өскөн айылынан чыгып кетүүнү көздөп жатканын кошумчалаган.



Дин ар кандай агымга болунуп кеткен.Шиитер аялзатына ото жаман мамиле кылат.Сунниттер андай эмес.Дин боюнча тушун
Бай мусулмандар болгон сыяктуу жарды мусулмандар бар. Бай мусулман олколору болгон сыяктуу жакыр мусулман олколор бар. Мисалы сен жакыр болсон ушул мусулман экен деп орус, кытай сага тийбейт...
Сен айткан кыздар меркантильная кыздар, байлык учун ар кандай кадамга барган...