"Жаңы медаль берилет". Японияда мэр Олимпиаданын чемпионунун алтын медалын тиштеп, жараксыз абалга келтирди

Маалыматка ылайык, Нагоя шаарынын мэри Олимпиаданын софтбол боюнча Миу Гото аттуу чемпионун расмий куттуктоо үчүн чакырган. Аны куттуктоо учурунда мэр бет кабын чечип, алтын медаль тагынып, аны тиштеп салган. Ошондой эле учурдан пайдаланып фотографтар сүрөткө тартып алышкан.
Аталган окуядан кийин шаар башчысынын мындай аракетине социалдык түйүндөрдө көптөгөн сын-пикирлер айтылган. Ал тургай Нагоя шаарынын мэриясына чиновниктин аракеттери боюнча жети миңден ашуун арыз түшкөн. Ошондой эле ал пандемия учурунда массалык иш-чаралардын эрежелерин бузган деп айыпталган.
"Тойота" компаниясы, Гото ойногон команданын ээси мэрдин аракетин "орунсуз" жана өтө өкүнүчтүү деп айткан. Ал эми мэр өз кезегинде бул кылыгы үчүн кечирим сураган.
Ал ошондой эле Япониянын Олимпиада комитетинин башчысы Ясухиро Ямашита менен сүйлөшүп, "көп жылдык талыкпаган эмгектин символун булгаганым үчүн" кечирим сурап, жаңы алтын медаль алуу үчүн өз чөнтөгүнөн төлөп берерин билдирген.
Белгилүү болгондой, эми Токио Олимпиадасын уткан япон аялдар софтбол командасы жаңы алтын медаль алат. "Эл аралык Олимпиада Комитетинин (ЭОК) колдоосу менен жана өзүнүн ниетине ылайык, Гото айымдын медалы эми жаңысына алмаштырылат", -деп билдиришкен Олимпиаданын уюштуруучулары, алмаштырууга кеткен чыгымдарды Эл аралык олимпиада комитети көтөрөрүн кошумчалаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
KG-312

15.08.2021. 01:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
БүгүнБишкектеги Д.Өмүрзаков стадиондо мма боюнча чоң беттештер болуптур, Кыргыздар бүт жеңиптир атаандаштарын. Супер.инфо эмнеге чыгарбадыңар? Же адаттагыдай эле элден кийин чыгарасыңарбы?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.