super.kg logo

Ооганстандагы абал: Айрым өлкөлөр элчилик кызматтарын токтото баштады

 

Ооганстанда "Талибан" кыймылынын үстөмдүгү күндөн-күнгө артып жатканына байланыштуу бир катар мамлекеттер аталган өлкөдөгү элчилик кызматтарын жаап, айрымдар кызматташууну кыскартууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Дания менен Норвегия Ооган өлкөсүндөгү элчилик кызматын белгисиз мөөнөткө чейин толугу менен токтотту. Ал эми Германия, АКШ жана Улуу Британия бийлиги Кабулдагы дипломатиялык кызматташтыгын кыскарткан.

Норвегиянын тышкы иштер министри Ине Эриксен телеканалдардын бирине берген маегинде Кабулдагы элчиликте иш алып барган бардык кызматкерлер жана жарандар Норвегияга эвакуациялана турганын билдирген. Ушундай эле чечимди Даниянын тышкы иштер министри Еппе Куфуд дагы белгилеген.

"Ооганстанда жашаган даниялыктар тез арада өлкөнү таштап чыгып кетүүсүн суранам. Бул өтө олуттуу жагдай", - деп билдирген министр.

Ал эми Франция бийлиги болсо азырынча элчилик кызматташтыкты токтоторун так билдире элек. Коңшу Тажикстан Мазари-Шариф Файзабад жана Бадахшан провинцияларындагы консулдук кызматтарын жапкан.

Белгилей кетсек, АКШ аскерлерин расмий түрдө Ооганстандын аймагынан чыгарып кеткенден бери талиб согушкерлеринин аракети күч алып, өкмөттүк күчтөр менен болгон куралдуу салгылаш токтобой келет.

Акыркы маалыматтарга караганда, талибдер Ооганстандын эң чоң экинчи шаары деп эсептелген Кандагар шаарын толугу менен басып алышкан. Ошондой эле үчүнчү ири калаа деп саналган Герат дагы алардын карамагында.

Жума күнү борбор шаар Кабулдан 50 чакырым гана алыстыкта жайгашкан Пули Алам шаары да аларга багынып бергени кабарланган. Ал эми ага чейин согушкерлер Ооганстандын он ири калаасын - Нимроз, Жаузжан, Сари-Пуль, Кундуз, Тахар, Саманган, Фарах, Баглан жана Бадахшанды багынтышкан.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
14.08.2021. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Кыргызстанда диңге берилген сабырсыз, жан дүйнөсү чыдамсыз адамдар көбөйүп баратат. Булардын сабаттуулугун, сабырдуулугун көтөрбөсө Талибандардан да жаман болуп кетиши мүмкүн. Динден башкасын түшүнө албаган, түшүнгүсү келбеген адамдар эмнегедир өтө мээриисиз, сабырсыз болушат. Динди эле жактай берген чыдамсыз адамдар, кичине болсо да төгөрөктүн төрт бурчун карап иш кылуу керек. Элдин баары эле динди ээрчий бергиси келбейт. Ар бир адамдын табигый муктаждыгы, кызыгуусу бар жашоодо.
ayzhan12 түзөттү 2021-08-14 20:00:22
14.08.2021. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ayzhan12,кудайым сага ыйманды мөндурдөй жаадырып берсин, бул айтканыңан кайт, акырээтти ойло, тооба кыл.
14.08.2021. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nazira...,
Акыретти кое туруп бул турмушту кыйратып алалык. Акыреттин бар жогун ким билип коюптур.
15.08.2021. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ayzhan12,жок экенин ким билиптир анда
15.08.2021. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayzhan12,Ылайым сенда динге ишенип аалым аял болуп кал, Оомийин!
15.08.2021. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamir_kgz, буга жооп жазып нервинерди коротуп жазбай эле койгула туугандар ал барибир жумурткадан кыр издеген неме ал буга чейин бирөө бар болчу жалаң динди жамандап аялдарды чачын жайып жүргүлө дей берчү ал аккаунт жок болду бул жакында эле катталыптыр ошол эле акылдуу окшойт жазбай эле койгула түшүнбөйт баарыбир кычагтанып дагы бир нерселерди айтып нерв кылат эч ким жооп жазбай койсо эле кыпчылбай калат.
14.08.2021. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Хизбут тахрир жана башка ушул сыяктуу диний агымдарга киргендер толтура ошолордун баарын контролго алып, чектен чыкканын атууга кетирип тартипти жостка кылбаса болбойт а то бизде дин десе эле коздоруно автомат которуп, киши олтуруп аткандар элестеткен макоолор толтура. Тартип сакталбаса биз деле Афганистан болуп калышыбыз мумкун, себеби, бизде макоо, акылы тайкылар коп, бейишке чыгат экенбиз деп киши олтургон.
15.08.2021. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Apyn8793,Кудай сактасын бейкүнөө адам атууга кетип калса кандай болот? Адам адашуучу, баардык күнөөлөрдөн таза бир Кудай. Жаман адамдар тил бириктирип момун адамды каралап койсочу - таза адамдан айрылып калабыз
14.08.2021. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талибандар менен диндин тиешеси жок бул жерде.Булар бийлик үчүн согушуп жатат."Талибан"-деген сөз студент дегенди билгизет.Саясатты билбей эле,баарын динге такаганды койсонор.
14.08.2021. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mister-XXX,
Талибан менен диндин байланышы тыгыз. Актанып кереги жок. Именно динди шылтоо кылып, Афганистанга диний мамлекетин курабыз деп кыйкырып жатышат. Кыскасы шарият мыйзамы менен келечеги кен мамлекет кура алышпайт талибтер. Шарият эрежелери адамдын табигый, маданий муктаждыктарына балта чаба турган нерсе.
ayzhan12 түзөттү 2021-08-14 22:57:32
15.08.2021. 06:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ayzhan12,ушу сиздин акылыныз ашыкча болуп кеткенби же жетишпейби тушунуксуз керектуу маалымат алып керексизин ыргытып журсонуз кайсы коментти ачпайлык сиз журосуз акылдуу болуп...акылыныздан сиздин
15.08.2021. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayzhan12,Шариат деген бул закон деген эле сөз. .Ар бир бийлик өзүнүн законун иштетет да туурабы. СССР убагында бир эжем дипломат болуп иштеп Афганистанга барган экен, көрсө жапжаш улан кыздар өз Мекени үчүн күрөшүп жатканын көрүп кийин иштебей койгом дейт. Моджахет десе эле бир жапайы адам деп элестеткем экенмин дейт эжем. Көрсө аларда өз алдынча эчкимдин көзүн карабай жашагысы келген жаштар экен эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: