Жогорку Кеңеште "Волонтёрдук иш жөнүндө" мыйзам долбоору каралат
Парламентте бүгүн "Волонтёрдук иш жөнүндө" мыйзам долбоору каралат. Анын демилгечиси болгон Ыргал Кадыралиева: "Бул жаңы мыйзам. Депутат болгонго чейин эле волонтёрдук иш жөнүндө мыйзам киргизмекмин деп жүрчүмүн. Анткени бардык эле жерде жаштарды жумушка алууда иш берүүчү тарап тажрыйба талап кылат. Экинчи жагынан, азыркы билим берүүнүн сапаты кандай экендиги элге белгилүү. Мындан улам дагы жаштар улуу муун менен иш талаша келгенде, атаандаштык түзө албай калышууда. Жыйынтыгында жаштардын ишке орношуп кетүү мүмкүнчүлүгү көбүнчө нөлгө барабар болуп калат. Бул мыйзамда болсо ар бир жаштын өзү кызыккан тармагына арыз берүүсү аркылуу ыктыярдуу түрдө акысыз иштөөгө шарт түзүп берүү каралат",- дейт.
Автор: Эльвира Караева
-
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

