Бишкекте шаар тургунуна ыплас иш-аракеттерди кылганга шектелген жаран кармалды
Бишкекте милиция кызматкерлери шаар тургунуна ыплас иш-аракеттерди кылганга шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул факты сотко чейинки өндүрүшкө алынып, териштирүү иштери башталган.
"Шектүү 34 жаштагы Ч.А. аттуу жаран. Ал алдын ала маалыматтар боюнча психикалык ооруканада каттоодо турушу мүмкүн. Мындан улам ага тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп жазылат маалыматта.
14-августта саат 12:30 чамасында Горький көчөсүндө жабырлануучу кыз бара жаткан. Ага артынан белгисиз жаран келип бутунун чаап жиберген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Бутуна чаап жибергенби же бутунун учуна, таманына, айтор эмнени жазайын дединер эле?....
Билим керек туура жазыш үчүн.