super.kg logo
  Саясат  

Камила Талиева: “Сарык жана жугуштуу оорулардын алдын алууда комплекстүү мамиле керек”

 

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева 31-октябрда өкмөттүн алдындагы Республикалык өзгөчө кырдаалда эпидемияга жана эпизоотикага каршы комиссиясынын экинчи отурумун өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Оорулардын алдын алуу маселесин козгоо менен Камила Талиева сарык жана ичеги-карын оорулары менен күрөшүү жана анын алдын алуу Саламаттык сактоо министрлигинин гана милдети эмес, бул ишке жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да катышып, комплекстүү мамиле керек экенин айтты. “Бүгүнкү күнгө карата аталган оорулардын өсүү абалы байкалууда. Бул биринчи кезекте коомдук тамактануу жайларында көзөмөлдүн солгундугу менен аныкталат. Чүй облусундагы окуучулардын уулануусу буга далил. Ошондой эле калктын дайыма таза сууну колдонууга мүмкүнчүлүгү жок. Мындан сырткары коомчулуктун кайдыгерлиги жана маданиятынын төмөндүгү мындай оорулардын чыгышына себеп болууда. Бардык жерде, борбордо да, аймактарда да антисанитардык абал өкүм сүргөн”,- деди Талиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: