super.kg logo

"Вакцина алууну суранабыз". Бишкек мэриясы эмдөөдөн өткөндөргө стимул берет

 

Бишкек шаарынын мэриясы вакцинаны алган жана алууну каалаган жарандар үчүн стимул берүүнү көздөөдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэрияда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиевдин коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө маселеси боюнча жыйыны өткөн.

Анда вице-мэр Виктория Мозгачева Биринчи Май акимиатынын эмдөө алгандардын арасында атайын бир компания менен биргеликте арзандатууларды уюштуруу демилгесин белгилеген. Мозгачеванын отчётунан кийин мэр акимдерге эмдөө боюнча ишти күчөтүүнү жана маалымат кампаниясын активдештирүүнү тапшырган.

"Урматтуу шаардыктар, вакцина алууну суранабыз. Вакцинация - бүгүнкү күндө коронавирустук инфекция менен күрөшүүнүн эң эффективдүү жолу. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: