super.kg logo

Дональд Трамп Ооганстандагы акыркы окуяларга Жо Байденди күнөөлөдү

 

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп "Талибан" кыймылынын Ооганстанды толук каратып алганын "Американын тарыхындагы эң чоң жеңилүүлөрдүн бири" деп атады. Ошондой эле ал Ооган өлкөсүндөгү акыркы абалга учурдагы президент Жо Байденди күнөөлөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Байдендин Ооганстанда жасаган аракети жөн гана укмуш! Бул Американын тарыхындагы эң чоң жеңилүүлөрдүн бири болуп саналат", - деп айтылат Трамптын билдирүүсүндө.

Ошондой эле Дональд Трамп "Учурдагы президент Жо Байден маскаралык менен кызматын тапшырып бериши керек. Бул анчалык деле чоң окуя болуп эсептелбейт. Анткени ал башынан эле мыйзамдуу түрдө шайланган эмес", - деп кошумчалаган.

Эске салсак, жекшембиде "Талибан" кыймылы Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып кирип, өлкөгө толугу менен көзөмөл орнотконун жар салган. Ал эми өлкө башчысы Ашраф Гани президенттик кызматынан баш тартып, Тажикстанга качып кеткени маалым болгон. Учурда талибдер бийликти тынчтык жолу менен тез арада өткөрүп алууну күтүп жатышканы айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.08.2021. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эми каарып, алжып калган, ар нерсени бир сүйлөп жүрө берет АШАга окшоп!
16.08.2021. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-312, экоо тен эле кары, Трамп да, Байден дагы. Жаштары калбай калгансып. Кеннеди жана нигер Обама беле, ошол экоонон башкасы бут эле чалдар болду окшойт Американын тарыхындагы президенттер.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: