Кош-Көлдө мас абалындагы айдоочу катуу ылдамдыкта келип Hyundai Getz унаасын сүзүп, 2 адам ооруканага түштү
Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда BMW -X5 унаасынын айдоочусу мас абалда катуу ылдамдыкта келе жатып Hyundai Getz унаасын артынан келип сүзгөн. Бул тууралуу республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен BMW - X5 унаасынан 20 жаштагы кыз жана Hyundai Getz унаасында жүргүнчү катары бара жаткан 19 жаштагы М.Р. Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.