super.kg logo

Ошто аялын сабаган милиция кызматкерине карата кызматтык иликтөө жүрүп жатат

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда милиция кызматкери аялын сабаган. Маалыматты SUPER.KG порталына облустук милициядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 10-июль күнү Кара-Суу районунун Фуркат айылынын 28 жаштагы тургуну райондук милицияга арыз менен кайрылган. Арызда C. уулу Ч. аттуу жолдошу менен пикир келишпестиктен улам күйөөсү аны уруп, денесине жаракат келтиргенин билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 66-берене "ден соолукка жеңил зыян келтирүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Арыз ээси менен жолдошуна соттук-медициналык экспертиза дайындалып, корутундусунда жеңил жаракат алышкандыгы аныкталган. Учурда ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат. Учурда тергөө амалдары уланууда", - деп билдиришти Ош ОИИБинин маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
16.08.2021. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казан-аяк кагышат, эрди катын жарашат. Милиция адам эмес бекен?

Куйоосунун устунон арыз жазса анда ажырашуу учун да кошо арыз жазсын. Уруша кетип арыз жазып, артынан канча тун кутот бекен куйоосун, эркектик милдетин аткарбай жатат деп.... Тууган-урук, ата-эне бар. Экоо оз ара чечише албаса ошолорду чакырып чечип бер десин. Болбосо ажырашсын биротоло. Аялдардын баары эмес го, бирок копчлугу чындап эле чачы узун, акылы кыска.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: