super.kg logo

"Адамдар бир учактан экинчисине чуркап жүрүшөт". Варламов Кабулдагы абалды баяндады

 

Бир канча күндөн бери Ооганстанда сапарда жүргөн белгилүү орусиялык блогер Илья Варламов талибдер басып алгандан кийинки Кабулдагы абалды баяндап, Инстаграм баракчасы аркылуу сүрөт, видеолор менен бөлүштү.

"Кабулда миңдеген жарандар чет өлкөгө чыгып кетүү үмүтү менен аэропортко агылып келе башташты. Бирок коммерциялык каттамдардын бардыгы ишин токтоткон. Америкалыктар аскердик учактар менен өз жарандарын алып чыгып кетүүдө. Президент болсо кызматкерлери менен бирге качып кеткен. Ал эми Кабулда АКШга жардам бергендер, адам укугун коргоо менен алектенгендер, активисттер жана журналисттер сыяктуу миңдеген жарандар талибдердин коркунучунда калды.

Аэропорттогу кайтаруучулар, кызматкерлер, чек арачылар таң атары менен эле кетип калышканын жазышууда. Азыр болсо адамдар жөн гана аба майданында ары-бери басып жүрүшөт. Америкалыктар менен европалыктар баарын куткарып аларын көп жолу айтышкан. Британия менен Австралия дагы 20 миң адамды алып чыгарын билдиришкен. Алар дагы жетишпей калышты", - жазып калтырган Варламов.

Ошондой эле ал Кабул аэропортундагы бир жарандын телеканалдардын бирине айтып бергендерин бөлүшкөн.

"Аэропортто аткаминерлер жана саясатчылар үчүн учак билеттери жашыруун түрдө берилип жатат деген ушак тарагандан кийин жарандар арасында ызы-чуу башталды.

Бирок мен башкалар сыяктуу эле кезек күтүп турган бир канча депутаттарды, министрдин орун басарларын, ошондой эле белгилүү адамдарды көрдүм. Биз дээрлик 8 сааттай күттүк. Бирок бара-бара аэропорттун кызматкерлери кете башташты. Алгач каттоо жүргүзгөн орундарынан, андан соң паспортторду текшерүүдөн өткөрүүчү жайлардан.

Ар кандай ушактардан улам ызы-чуулар күчөй баштады.

Андан кийин жүргүнчүлөрдүн бир бөлүгү учак конуучу тарапка чуркап жөнөштү. Паспорт текшерүүчү жайларда эч ким жок болчу. Өткөрмө пункттарындагы тосмолор сынган. Эч кандай жүк текшерүү иштери болгон жок. Биз өткөрмө пунктарынан жөн гана өтүп кеттик. Адамдар акыркы учакты көздөй жүгүрө башташты.

Жарандар учууга аракет кылган бир каттам бар болчу.

Биз учуу-конуу тилкесинен анча алыс эмес жердеги учактардын канатынын астында "орун жетип калар" деген үмүт менен отурган көптөгөн адамдарды көрдүк. Адамдар нес болуп калышты. Бир учактан экинчисине чуркай башташты", - деп билдирген окуянын күбөсү.

Эске салсак, жекшембиде "Талибан" кыймылы Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып кирип, өлкөгө толугу менен көзөмөл орнотконун жар салган. Ал эми өлкө башчысы Ашраф Гани президенттик кызматынан баш тартып, Тажикстанга качып кеткени маалым болгон. Учурда талибдер бийликти тынчтык жолу менен тез арада өткөрүп алууну күтүп жатышканы айтылууда.






Кабулдагы абал

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(11)
16.08.2021. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Варламов сен озунду кантип алып чыгып кетер экенсин,ошону ойлодунбу? Ал жак сага Кыргызстан эмес свободна кирип чыгып жургудой.
16.08.2021. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Federik,
Талибдер азыр чет элдик жарандарга тийишпейт. Аларга азыр башка мамлекеттердир Афганистанды тануусу керек. Ошол үчүн чет элдик жарандарды регистрация болгула деди, же чыгып кеткиле деди.
Талибдердин негизги максаты батыштын таасиринен кутулуп, мамлекетти кайрадан калыптандыруу.
16.08.2021. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Federik, талибдер орустарга тийише албайт. Талибдер Оруссияга барып, бейтарап болуп беришин суранышкан. Болбосо Оруссия Тажикистан, Озбекистан же Туркменистан жардам сурады деген шылтоо менен талибдерге согуш ачып, 70-80жж. болуп Афганистанга аскери менен басып кирип талибдерди ордуна коюп коет болчу.

Азыр талибдерге коншулары менен тынчтык керек. Баарынан мурун Россия менен. Ошого орус жарандарына, айрыкча журналисттер менен элчилерге тийишпейт алар.
Antiradikal3 түзөттү 2021-08-16 13:07:21
16.08.2021. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Federik,бул орус сага караганда акылдуу
16.08.2021. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Шариятчыл талибтерден үмүтүн үзгөн эл. Эмне үчүн арабтар жардам бербейт буларга. Аравияга баргылары келишпейт. Арабтар качындарды кабыл алышпайт, көргүлөрү да келишпейт. Баары эле Европага барып жашагысы келишет. Анткени Европада дин, шарият деген түшүнүк жок. Эгер Европалыктар ашкере динчил болгондо бир да мусулманды киргизишмек эмес. Элибизге Светтик Билим гана бериш - светтик билим коомдун жана мамлекеттин өнүгүү муктаждыктарына жооп берет; коомго туруктуулукту берет.
16.08.2021. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
ayzhan12,чындык.
16.08.2021. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ayzhan12,кудайга тообо келтир,акылын барда этегиңди жап,эки сөздүн биринде динге асылбай,наркы дүйнөнү ойло,тозоко тутурук болуп жүрбө.Чачынды жайып,чачынды жасап.
16.08.2021. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ayzhan12,Сен кудайдын бекерчиси болсон керек ээ.Же динди жамандап,НПОлордон акча алып турсан керек.Чачын жайып,жыланач жүргөндөрдү көргүң келсе Африкага барып көрчү.Билим өнүгүүгө алып барышын биз да билебиз."Мурдунун учунан узакты көрө албайт"-деген сөз сага окшогондорго тиешелүү.Чет жерге чыгып,көп окуп,көп билим алчы.
Mister-XXX түзөттү 2021-08-16 16:58:27
16.08.2021. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Согуш бар жерде олум, ый, кайгы-мун......

ДУЙНОДО ТЫНЧТЫК БОЛСУНЧУ...........
16.08.2021. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларды эми кимдер учуруп, учуп барган жерден киргизеби өлкөлөрү?
16.08.2021. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вай Барламып Барламып. Ушу сен Титаниктеги кыякчыларды эске саласында. Кеме чогуп жатса, алар кыяк тартып турушат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: